• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИӨБ Кыргызстан үчүн 3 млн долларга коронавируска каршы вакцина сатып алуу маселесин кароодо

COVID - 19 0

Бишке, 14.04.21. /Кабар/. Ислам өнүктүрүү банкы коронавируска каршы Кыргызстан үчүн 150 миң доза вакцина сатып алуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу Кабар” агенттигине Республикалык иммунопрофилактикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, алгач Кыргызстандын калкын эмдөө COVAX, бюджеттик каражаттын жана донорлордун эсебинен 3 этап менен жүргүзүлөрү пландалган.

“Азыр Дүйнөлүк банк өзүнүн бюджеттөө планын иштеп чыкты. Ислам өнүктүрүү банкы бир ай аралыгында Кыргызстандын калкы үчүн 150 миң доза вакцина сатып алууга 3 млн доллар бөлүү тууралуу маселени чечиши керек. Биз аларга артыкчылыктуу вакциналарды бердик, бул россиялык вакцина жана ДСУ тарабынан бекитилген вакциналар”,-деди ал.

Ишенапысова КРнын экономика жана финансы министрлиги вакцина алууга арыздарды караган Россиянын түз инвестициялар фонду менен жигердүү иштеп жатат деп кошумчалады.

“Жалпысынан коронавируска каршы калктын 20%ы донорлордун жардамы менен эмделет, бул дээрлик 1,3 млн адамды түзөт”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий