• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы бир жуманын ичинде COVID-19дун жаңы 119 учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Кыргызстанда 29-августтан 4-сентябрга чейин аралыкта COVID-19дун жаңы 119 учуру катталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, 102 адам амбулатордук дарыланууда, 17 бейтап ооруканага жаткырылган.

Бир жума аралыгында тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул оорунун азаюусун билдирет.

Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча жалпысынан COVID-19дун 205 миң 835 учуру катталган, ооруга чалдыгуу 100 миң калкка 3110,3 учурду түзсө, адам өлүмүнүн учурлары 1,5%.

2022-жылдын 8 ай беш күнүндө COVID-19дун 21 миң 87 учуру катталган, анын ичинде 19 миң 84 (90,3 %) учур лабораториялык түрдө жана 2003 учур (9,7%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.

Пикир

Оставить комментарий