• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ички иштер министрлигинин Академиясы магистратурага окууга чакырат

Билим 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. КР Ички иштер министрлигинин Академиясы магистратурага окууга чакырат. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, магистратурага КР ички иштер органдарынын, башка укук коргоо органдарынын, салык органдарынын кызматкерлери, КР Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери, ошондой эле бакалавриат программасын аяктаган Кыргызстандын жарандары кабыл алынат.

Окуу мөөнөтү:

- 2 жыл;
- сырттан окуу 2,5 жыл.

КР ИИМдин Академиясынын сырттан окуу формасы боюнча магистратурага талапкерлер үчүн 2021-жылдын 1-сентябрына карата ички иштер органдарында эмгек стажысы 1 (бир) жылдан кем эмес болушу керек.

Магистратурага тапшыруу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

1. Тиешелүү бөлүмдүн башчысы менен макулдашылган билдирме же магистратурага кабыл алуу жөнүндө Академиянын начальнигинин атына жазылган арыз;
2. кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;
3. өмүр баяны;
4.дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү ("бакалавр"
академиялык даражасынан төмөн эмес);
6. 086-У формасындагы медициналык справка;
7. Сүрөт 3х4 - 4 даана;
8. окуу делосу үчүн конверти менен скоросшиватель.

Контракттын баасы 23 миң сом.
Документтер 2021-жылдын 1-сентябрына чейин кабыл алынат.
Сурап билүү телефондору: 0312 631738, 631739, 0701412412.

Пикир

Оставить комментарий