• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ички иштер министрлигинин Академиясына 50 жыл. Сүрөт

Коом 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Академиясына 50 жыл толду. КР ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 4-октябрда мааракенин алкагында Кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгондорду эскерүү үчүн "Даңк" мемориалына гүл коюлду.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков, коноктор Тилек Асаналиев, Бексултан Эшимов, Абдыкапар Мавлянов, андан сырткары, ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов, ИИМдин коомдук кеңешинин мүчөсү А. Зеличенко, ИИОнун ардагерлери "Даңк" мемориалына жана Кыргыз милициясынын биринчи генералы Э. Алиевдин эстелигине арнап гүл чамбар коюшту.

"Гүл койгондон кийин коноктор музейге барышып, аларды окуу жайдын тарыхы, калыптанган мыкты салттары жана профессордук-окутуучулук курам менен тааныштырышты. Андан соң, конокторду конференц-залда ИИМдин Академиясынын 50 жылдыгына карата конференцияны өткөрүү үчүн окутуучулар, курсанттар, студенттер тосуп алышты", - деп айтылат билдирүүдө.

Сүйүн Өмүрзаков окуу жайдын курсанттарын, жалпы жамаатты 50 жылдык маараке менен куттуктаган.

"Өмүрзаков жогорку окуу жайдын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө ИИМдин Академиясынын мурдагы жетекчилеринин салымы зор экендигин баса белгиледи. Министрдин биринчи орун басары "Академии МВД КР 50 лет" мааракелик медалын Тилек Асаналиевге, Бексултан Эшимовго, Абдыкапар Мавляновго тапшырды", - деп кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий