• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ички мигранттар шаарларда калууну каалашат - изилдөө

Коом 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. Кыргызстанда ички мигранттар айыл жергелеринде эмес, шаарларда калууну каалашат. Бул тууралуу Эл аралык мигранттар күнүнө арналган иш-чарада белгилүү болду.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, мындай чечим шаарда жашоо шарты жакшыраак болгондугуна, ар кандай жумушту тандоо жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнүн кенендиги жана айылга караганда шаарда инфраструктуранын жакшыраагына байланыштуу.

Эмгек мигранттарынын ичинен эркек кишилердин саны көп (56,3%). Ал эми ар бир үчүнчү аял ички миграцияда иштейт. Жумушсуздардын арасында жагдай бир аз башкача: эркектер 43,7%ы, аялдар 67,2%ды түзөт.

Облустар арасында миграцияга кабылган эмгекке жарамдуу мигранттардын саны 87,5%ды түзгөн. Ал эми 2013-жылдан тарта облус арасындагы миграцияга кабылган аялдардын саны эркектердикинен бир кыйла өскөн.

Пикир

Оставить комментарий