• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Үйдө бала бакча ачуу. Окууну каалаган 400 адамдан арыз түштү

Коом 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Бүгүнкү күндө 100 күндүк “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында патенттин негизинде бала бакча ачуу боюнча окуудан өтүүнү каалагандардан 400гө жакын арыз түшкөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында ӨКМдин Өрткө каршы жана өрттүн алдын алуу башкармалыгынын башчысы Акылбек Расулов ​​билдирди.

Анын айтымына караганда, жума сайын 20-25 адамдан турган төрт топ окутулууда.

Белгилей кетсек, окуудан өтүүнү каалагандарды каттоо 2023-жылдын 14-апрелинде башталган.

Эске сала кетсек, “Өкмөттүк акселераторлор” программасы ушул жылдын март айында ишке кирген. Анын алкагында мамлекет Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май райондорунун жаңы конуштарында балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатууну көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий