• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы жеке жактардын 2,3 млн ашуун салык декларацияларын жок кылды

Коом 0

Бишкек, 07.08.23. /Кабар/. Бүгүн Мамлекеттик салык кызматы жеке ишкерлерден башка жеке жактар тарабынан берилген бардык салык декларацияларын жок кылуу процессин аяктады.

Салык кызматынан кабарлашкандай, жалпысынан жеке жактардын 2 млн 377 миңден ашуун салык декларациялары жок кылынды.

Анын ичинен 1 млн 503,1 миң декларация ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке жактарга, 321,5 миңи – салык салынуучу кирешеси жокторго (жөнөкөйлөтүлгөн), 553,1 миңи – мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган жана ээлеген жактарга таандык.

Салык кызматы жеке жактардын кагаз жүзүндөгү декларацияларын атайын аппарат – инсинератордо өрттөө жолу менен жок кылды. Процесс Салык кызматынын, Экономика жана коммерция министрлигинин, ведомстволор аралык комиссиянын жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.

Электрондук декларациялар "Салык сервис" мамлекеттик мекемеси тарабынан жок кылынды.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык мамлекет жеке жактар тарабынан берилген салык декларацияларын жок кылууга кепилдик берерин белгиледи.

Салык кызматына Мыйзам күчүнө киргенден тартып 60 күндүн ичинде жеке ишкерлерден тышкары жеке жактар тарабынан тапшырылган бардык декларацияларды жок кылуу тапшырылган.

Бул Мыйзам 2023-жылдын 1-январына карата бар болгон активдерди (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, акча каражаттарын ж.б.) легалдаштырууну карайт.

«Мыйзам өз активдерин мыйзамдаштырган жеке жактарга өзгөчө жеңилдиктерди берет: алар салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн жана ушул активдер менен байланышкан башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн бошотулат. Мындан тышкары, алар КР мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кепилдик берүү жолу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат», – деди Б.Алиев.

Бул Мыйзамдын максаты жеке жактарга таандык активдерди ыктыярдуу декларациялоо үчүн укуктук механизмди түзүү жолу менен алардын мүлкүн жана кирешелерин мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу болуп саналат. Бул ошондой эле номиналдуу түрдө башка адамдарга таризделген жана/же декларациялоо учурунда Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта турган активдерге да тиешелүү.

Ошондой эле бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын экономикасына ички жана тышкы инвестицияларды көбөйтөт, көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартат. Ал активдердин сакталышынын кепилдигин жана алардын ээлерин ушул Мыйзамда каралган активдерди ыктыярдуу декларациялоо киргизилгенге чейин болушу мүмкүн болгон мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан куугунтуктоолордон коргоону камсыз кылат.

2024-жылдын 9-июнуна чейин активдерди ыктыярдуу декларациялоого болот.

Пикир

Оставить комментарий