• 88.68
  • 95
  • 0.95

8-августта Бишкектин айрым аймактарында ичүүсү суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 07.08.23. /Кабар/. 2023-жылдын 8-августунда саат 09:00дөн 14:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо жана башка социалдык-тиричилик багытындагы жана өнөр жай объекттерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ичүүчү суу Анкара көчөсүнөн түштүккө карай 7-апрель көчөсүнө чейин, Улан -2 кичирайону Суванбердиев көчөсү, Кара-Дарыя көчөсүнөн Достук көчөсүнө чейин Кара-Дарыя көчөсүнөн батышка Скрябин көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейин Шоокум, Конорчок, Көк-Жар, 7-апрель көчөлөрү боюнча өчүрүлөт.

Сууну өчүрүү оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө, 11-кичи райондогу диаметри 500 мм болгон суутүтүктө болгон иштерге байланыштуу. Ошого байланыштуу Мавлянов көчөсүнөн тартып "Көк-Жар" кичи районундагы №18 чейин үйгө чейин ичүүчү суу токтотулат.

"Бишкексууканал" ӨЭБсы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдарды, калкты алдын ала ичүүчү сууну камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий