• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Үйдүн ичин кантип сарамжалдуу ремонт кылса болот?

Дүр дүйнө 0

Мыкты жана сапаттуу ремонтту чоң каражат коротпой жасай албайбыз. Мындан тышкары ремонт биздин көптөн бери чогултуп, сактап жүргөн каражатыбызды жумшоого мажбурлайт. Ошентип эс алууга баруу, телевизор алуу деген пландарыбыз да жокко чыгат.

Үй ичин жаңылоого киришип жатсаңыз, биз сизге көп каражат кетирбей сарамжалдуу ремонт жасоо үчүн кеңештерди сунуштайбыз.

Ишке киришээрден мурун эскерте турган нерсе чоң эмгекке даяр болуңуз. Анткени жумушчу жалдоо дагы каражатты талап кылат.

1. Ишти баштардан мурун анын көлөмүн жана кете турган убакытты эсептеп чыгуу керек. Ремонт талап кылынган аймакка кандай материалдар керектигин жазып, дүкөнгө же магазинге барып бааларын аныктап алыңыз. Анткени баарыбызга маалым болгондой базардын башы менен аягындагы баалар окшош болбойт. Керектелген материалдын көлөмү да абдан маанилүү, аны эсептей албай жатсаңыз сатуучудан сураңыз, интернеттен караңыз же атайын адистерге кайрылыңыз.

2. Сарптай турган сумманы аныктап алыңыз. Керектүү нерселерди бир ууртум менен алып алуу үчүн, белгилүү сумма колуңузда болушу керек. Акча болгон сайын кичинелеп алып турам десеңиз бир топ утуласыз.

3. Материалдарды дүң сата турган дүкөндөн же баардыгын бир жерден алыңыз. Эсиңизде болсун көп товарды бир жерден алганда баасын төмөндөтүп алуу мүмкүнчүлүгү бар.

4. Сатып алынган товарды үйгө алып келүүдө да пландоо зарыл. Эң жакшысы досторуңуздун унаасы болсо, сүйлөшүп жолуна кеткен майын төлөп бериңиз. Бул такси же унаа жалдагандан арзан болот.

5. Интернеттен тапшырык берүүнү да бир жол катары карап көрүңүз. Кээде интернеттен алынган товарлар , базарга салыштырмалуу арзан болот.

6. Дубалдарды шпаклевка менен түзөгүңүз келеби? Анда кымбат акрил шпаклевканын ордуна гипстигин алыңыз. Ал арзаныраак болгону менен экөөнүн сапаты, көрүнүшү бирдей эле болот.

7. Дубалга фактурдук обои чаптаганда ал визуалдык жактан дубалды түз кылып көрсөтөт. Эгер дубалыңыз түз болбой, түздөтүүнү ойлонуп жүрсөңүз бул сарамжалдуу жолду тандаңыз.

8. Винилдик обоилер эң чыдамдуу деп эсептелет. Арасында жууса боло турган түрү да бар, аны жуунучу бөлмөгө чаптасаңыз болот. Бул керамикалык плитадан 2-3 эсе арзан болот. Эскерте турган бир гана нерсе кол жуучу раковинанын жана ваннанын жанына чаптоого болбойт.

Винилдик обои жаккан жокпу? Анда эки кабаттуу кагаз обоилерди ( дуплекс ) алыңыз. Алар анчалык чыдамдуу эмес, бирок экологиялык жактан таза, дем алат.

9. Ремонт учурунда керектелген материалдардын көлөмүн так эсептеп, үйүңүздү жаңылап бүткөндөн кийин эч нерсе калбагыдай кылып алыңыз. Статистикага ылайык кийин кереги тиет деп калтырган материалдар сактоо мөөнөтү өтүп кеткенге чейин колдонулбайт.

10. Сантехника менен терезеге келгенде экономдобой эле койгон оң. Арзаныраак издеп көрүңүз, бирок сапаты жакшысын алыңыз.

11. Эгер сиз дубалдын өңүн өзгөртүп турууну жакшы көрсөңүз, анда сизге стекло- обои жарашат. Бул учурда бир аз бүртүк жерлерди түздөбөй эле ар кандай түстөрдүн жана фантазияңыздын жардамы менен мыкты кылып жаңылап аласыз.

Пикир

Оставить комментарий