• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Гимнастика беттин терисин жашартууга жардам береби?

Дүр дүйнө 0

Жаш өткөн сайын адамдардын көпчүлүгү жаш көрүнүүнү каалашат. Тилекке каршы, картаюуга каршы каражаттардын көбү илимий негизделбеген, ошондой эле, абдан кымбат жана оору менен коштолот.

Бактыга жараша, окумуштуулар жакында эле хирургиялык кийлигишүүнү талап кылбаган, 20 жумадан кийин эле жаш көрүнүүгө жардам берген ыкманы табышкан. Бул беттин йогасы ыкмасы.

Бул таңы калычтуу угулганы менен Иллинойс штатынын Түндүк-Батыш университетинин изилдөөчүлөрү 30 мүнөттүк беттин көнүгүүлөрүн күн сайын жасоо менен беттин терисин тарттырып, жаш көрүнүүгө боло турганын далилдей алышкан.

Адамдар беттин йогасы менен көп жылдан бери алектенишет. Бирок окумуштуулар биринчи жолу бул ыкманын канчалык натыйжалуу экенидигин изилдөөгө киришишкен.

“Эми бизде бет булчуңдары үчүн көнүгүүлөр тышкы көрүнүштү жакшыртып, көрүнүп турган картаюу белгилерин азайта аларына далил бар”, - деп билдирди изилдөөнүн алдыңкы автору Түндүк-Батыш университетинин дерматологу Мурад Алам.

16 адамдан турган чакан топ 20 жумалык изилдөө программасына катышкан. Албетте, бул аз сандагы адамдар жана кыйла так жана натыйжалуу жыйынтыктар үчүн көп адамдар тартылган изилдөөлөрдү жүргүзүү керек.

“Эгерде жыйынтыктар башка кеңири изилдөөлөр менен такталса, анда адамдарда жаш көрүнүүгө кымбат эмес, коопсуз ыкма пайда болот”, - деди жоктор Алам.

Изилдөөгө катышкан 40-65 курактагы 16 аял инструктордун жардамы менен 90 мүнөттүк жеке машыгуулардын учурунда мимикага көнүгүүлөрдүн топтомун өздөштүрүшкөн.

Кийинки 20 жумада катышуучулар көнүгүүлөрдү үйлөрүндө жасоону улантышкан – алгачкы сегиз аптада алар 30 мүнөттөн, кийин ушул эле көнүгүүлөрдү эки күндө бир жасап башташкан.

Комплексте бет үчүн 32 көнүгүү камтылып, алардын ар бирине 1 мүнөткө жакын убакыт кетет.

Мисалы, “Жаак терисин тарттыруу” көнүгүүлөрүн жасап: оозуңузду О тамгасын айткандай формада ачышыңыз керек.

Эриниңизди тишиңизге кымтып алып, жылмайган сымал аларды тартыңыз. Мында булчуңдар чыңдалат. Манжаңызды жаагыңыздын жогорку бөлүгүнө койсоңуз, сиз чыңалууну сезесиз. Бул көнүгүүнү бир мүнөт бою оозуңузду жылмайгандай чоюп, кайра калыбына келтирүү менен жасоо кажет.

Тышкы көрүнүштөгү өзгөрүүлөр экспериментке чейинки жана кийинки сүрөттөр аркылуу бааланган. Аларды катышуучуларды тааныбаган, изилдөө тууралуу билишпеген дерматологдорго көрсөтүшкөн.

Биринчи сүрөттөргө дерматологдор аялдардын орточо жаш курагын 50,8 жаш деп баалашкан, акыркы сүрөттөрдү талдап, алар 48,1 жаш беришкен.

Эң жакшы натыйжа жаак терисинин серпилгичтигинин өзгөргөнү байкалган: тери тартылып калат.

Албетте, изилдөөгө орточо жаш курактагы аялдар катышкан – бет йогасы башка жаш курактары үчүн да натыйжалуу болору азырынча белгисиз.

Изилдөөдө эксперименттин жүрүшүңдө аялдардын косметикалык каражаттары колдонгону же жогу эске алынган эмес.

Бирок бет теристи үчүн көнүгүүлөр жалпы дене үчүн көнүгүүлөр сыяктуу эле пайдалуу жана сизди жашарта аларына көп далилдер бар.

Жаш өткөн сайын беттин териси сыйдамдыгын жоготуп, булчуңдар ортосундагы май клеткалары жукарат. Ал эми мимикалык көнүгүүлөр булчуңдарды көнүктүрүп, аларга серпилгичтигин кайтарат.

Мындай көнүгүүлөрдүн пайдасы боюнча далилдердин жетишсиздигине карабастан, мындай арзан жана коопсуз ыкманы колдонуу тууралуу ойлоп көрүүгө болот.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий