• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дарыгер организмге кандай банан пайдалуу экендигин айтып берди

Дүр дүйнө 0

Организмге кандай банан пайдалуу? Бышканыбы же жакшылап быша элегиби? РИА Новостинин бул суроосуна диетолог-дарыгер Ольга Кораблева жооп берди.

“Анча быша элек бананда калорий (кубаттуулук) аз болот, 100 граммда 56 килокалорий гана. Гликемиялык индекстин төмөндүгүнө (40ка жакын) байланыштуу мындай бананды арыктап жаткандар жана “кант диабети” менен ооруган бейтаптар жесе болот. Жашыл бананда кант аз, крахмал (100 граммда 12,5 граммга жакын) көп болот. Ошондуктан ал табитти басаңдатып, кеч аш болот”, - деди Кораблева.

Өтө бышып кеткен банандын 100 граммында 90дон 100гө чейин килокалорий бар. Анда катехиндер көп – бул антиоксиданттар, алар клеткаларды бузулуудан сактайт.

“Мындай банандын гликемиялык индекси болжол менен 70ти түзөт, эгер сиз салмак кошуп алган болсоңуз, анда бул мөмөнү рациондон алып салганыңыз оң. Жашылдарынан айырмаланып бышып бараткан банан тез аш болот, бул кыймылдуу иштен же машыгуудан кийин энергиянын булагы катары эсептелет”, - деди дарыгер.

“Күнүнө бир же эки банан организмге кандай гана болбосун пайдалуу: бир мөмө калийдин күнүмдүк нормасынын болжол менен 10%ын жана жүрөктүн жана нерв системасынын нормалдуу иштеши үчүн зарыл болгон фолий кислотасына болгон күнүмдүк керектөөнүн дээрлик 30%ын камтыйт”, - деп белгиледи Ольга Кораблева.

Пикир

Оставить комментарий