• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте коомдук транспортто санитардык эрежелердин сакталышын текшерүү уланууда

Коом 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Мобилдик топтор Бишкек шаарындагы коомдук транспортто санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө иштерин улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек троллейбус башкармалыгынын 20 кызматкеринин катышуусунда коомдук транспорттун салондорунда санитардык эрежелердин сакталышын текшерүү жүргүзүлдү. Санитардык текшерүүлөр жана айдоочулар менен жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери эл көп топтолгон аялдамаларда өттү.

“Бүгүн 4 аялдамада иштеп, 127 троллейбус текшерилди, негизинен жүргүнчүлөр тарабынан беткап режими сакталган жок. Бул багыттагы рейддер жумасына эки жолу болуп турат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, санитардык текшерүүлөрдүн максаты - айыппул салуу эмес, шаар тургундарына маска режимин, аралыкты сактоо керектигин эскертүү болуп эсептелет.

Троллейбустардын иштешине байланыштуу, суроолоду "Бишкек троллейбус башкармалыгы": (0709) 800989 номеринде кабыл алышат.

Суроолорду жана даттанууларды 1840, 1850 номерине чалып калтыра аласыздар, сүрөт-видео фактыларды Бишкек шаарынын мэриясынын негизги WhatsApp каналына жөнөтүңүздөр: 0554182185

Ошондой эле шаардыктар социалдык тармактардагы Бишкек шаарынын мэриясынын расмий аккаунтарына жазылып, ыкчам маалымат алып, суроолорун бере алышат:

Бишкек шаарынын мэриясы: https://www.meria.kg/ru

Facebook: https://www.facebook.com/312Bishkek,

https://www.facebook.com/BTUcom

Instagram: https://www.instagram.com/meria_bishkek/?hl=ru,

https://www.instagram.com/mp_trolleybus/?hl=ru

Twitter: https://twitter.com/bishkekcityhall?s=08,

Telegram: https://web.telegram.org/#/im?p=@bishkekmeria.

Бардык маалыматтар тез арада Бишкек шаардык мэриясынын www.meria.kg расмий сайтына жайгаштырылат.

Пикир

Оставить комментарий