• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ башчысы Улан Ниязбеков "Шумкар" атайын багыттагы полкуна барды

Коом 0

Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков "Шумкар" атайын багыттагы полкуна барды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Улан Ниязбеков менен полкко кураторлук кылган Октябрь Урмамбетов "Шумкар" атайын багыттагы полкунун кызматкерлери менен жолугуп, күжүрмөн кызматтык абал менен таанышты.

Жолугушуу учурунда Улан Ниязбеков менен Октябрь Урмамбетов административдик имаратты, казарманды, кызматтык иш бөлмөлөрдү, аскердик техникаларды жана жабдыктарды кыдырып чыгышып, милиционерлердин кызмат өтөө шарттары менен таанышты.

Ниязбеков милиция кызматкерлери мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти катуу сакташы керек, жарандар менен пикир алмашууда сылык болуп, кесиптик билимдерин, жөндөмдөрүн өркүндөтүлөөрү абзел экендигин баса белгиледи.

"Коомдук тартипти, жарандын жана коомдун кызыкчылыгын коргоо тутумун өркүндөтүү керек. Милиция саясаттан тышкары. Милиция кызматкерлери ар дайым профилактикалык иш-чаралар менен алектенип, мыйзамдуулук менен кызматтык тартипти сактап, жарандар кайрылган учурда сылык болуп, кесиптик билимдерин өнүктүрүүсү абзел”,- дейт Ниязбеков.

Пикир

Оставить комментарий