• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ башчысынын орун басары Ички аскерлердин Бишкектеги өздүк курамы менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 19-октябрында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Ички аскерлердин Бишкек шаарындагы өздүк курамы менен жолугушту. Бул тууралуу Ички аскерлердин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары өздүк курамга кайрылып, алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүүлүгүн эскерте кетти.

"Биз саясаттан тышкары болуп, өзүбүздун милдеттерибизди так аткарышыбыз керек", - деди Урмамбетов.

Жолугушуунун соңунда ал Ички аскерлердин өздүк курамына күжүрмөн кызматтык милдеттерин аткарууда мыкты ийгиликтерди жарата беришин каалап, ИИМ жетекчилиги тарабынан өздүк курамга кышкы аскердик кийим-кечелерди тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий