• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Германиядагы элчи Кыргызстандан келген этникалык немистер менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 17-октябрында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев азыркы учурда Германиянын Вальдбрёль шаарында жашап жаткан Кыргызстандын Чʏй облусунун Ысык-Ата районунун Рот-Фронт (мурдагы Бергталь) айылынан жана Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата (мурдагы Ленинполь) айылынан келген этникалык немистер менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө “Рот-Фронт” үлгүлүү дыйкан чарбасынын мурдагы төрагасы Абрам Фальк өзүнүн көп жылдаган иш тажрыйбасы, Рот-Фронт айылындагы немистер жана алардын жергиликтүү калк менен биргеликте жана ынтымакта жашаган жашоосу тууралуу айтып берди. А.Фальк жетектеген чарба Кыргызстанда өндүрүш жүргүзүүнүн немисче ыкмасын көрсөтө алган үлгүлүү чарба болгон.

Белгилей кетсек, 1989-жылга чейин Кыргызстанда 110 миӊге жакын немис улутундагы жарандар жашаган. Азыркы учурда Кыргызстанда алардын саны 8 миӊден ашуун.

Германияда жашап жаткан Кыргызстандык немистер бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандагы өздөрүнүн туугандары, тааныштары жана достору менен байланышта болуп, аларга тийиштүү жардам берип келе жатышат.

Элчи Э.Абдылдаев жолугушууга келген немис жердештерди Кыргызстан менен мындан ары дагы кызматташууга чакырды жана алардын арасындагы мыктыларына элчиликтин алкыш баракчаларын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий