• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкекте Аялдардын эл аралык күнү белгиленүүдө

Коом 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Аялдардын эл аралык майрамына карата борбор калаанын райондук администрациялары айымдарды куттуктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунун Таберик залында салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага райондун 200 айымы - Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, эмгек сиңирген кызматкерлер, саламаттык сактоо жана билим берүү кызматкерлери, баатыр энелер катышты. Айымдарды район башчысы Мирлан Эшкожоев куттуктап, эстрада жылдыздарынын жана «Таберик» балдар музыкалык ансамблинин катышуусундагы концерт тартууланып, белектер тапшырылды.

Свердлов районунун акимиаты Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында майрамдык концерт уюштурду. Иш-чарага 1000ден ашык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган аялдар, райондун активисттери жана эмгек сиңирген ишмерлери чакырылган.

Ал эми Биринчи май акимиаты “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда майрамдык концерт уюштурду.

Чакырылгандарды райондун башчысы Жамалбек Ырсалиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Айканыш Ашырова куттуктап, бардык конокторго белектер тапшырылды. Райондун турмушуна жигердүү катышкандыгы үчүн айымдар муниципалдык администрациянын Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

Ленин районунда №6 орто мектептин актовый залында майрамдык салтанат болуп өттү. Иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, эмгек сиңирген мугалимдери, жалпы жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору, саламаттык сактоо кызматкерлери, райондук кызматтардын өкүлдөрү жана активисттер чакырылган.

Майрам менен келгендерди райондун акими Русланбек Тагаев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Светлана Кенжебаева куттукташты. Иш-чара балдардын чыгармачылык борбору тарабынан даярдалган эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа менен коштолуп, айымдарга гүлдөр жана баалуу белектер тапшырылды. Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган 600 аз камсыз болгон көп балалуу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялдардын ар бирине 500 сомдон жөлөкпул төлөнүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий