• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ: Чагымчыл материалдарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Коом 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. Чагымчыл материалдарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, акыркы күндөрү WhatsApp жана башка социалдык тармактарда аймактар (улуттар арасындагы) арасында жанжал чыгарууну көздөгөн чагымчыл мүнөздөгү аудио жана видеолор көбөйгөн.

"Ички иштер министрлиги жана анын бөлүмчөлөрү ушул өңдүү материалдарды тараткандарды аныктоо иштерин жүргүзүүдө. Аймактар (улуттар арасындагы) арасындагы кастыкка түрткөн мүнөздөгү материалдарды даярдоо жана жайылткандар КР КЖКсынын 299-беренесине (Улуттар (этностор аралык), расалык, диний жана аймактар аралык кастыкка түртүү) ылайык кылмыш жоопкерчилиги менен жазаланат. ИИМ жарандарды кандайдыр бир чагым маалыматтарды социалдык тармактарда жана Интернетте жайылтуудан алыс болуп, ушу сыяктуу фактыларды ички иштер органдарына 102 номери аркылуу билдирүүнү өтүнөт", - деп айтылат маалыматта.

ИИМ белгилегендей, КР мыйзамдарын билбөө жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен куткарбайт.

Пикир

Оставить комментарий