• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Дин кызматкерлерине экстремизмдин алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Бишкекте диний окуу борборлорунун кызматкерлерине экстремизмдин алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара министрлер кабинетинин экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу жана 2021-2026-жылдарга мамлекеттин диний чөйрөдөгү концепциясынын пландарынын тийиштүү пункттарын аткаруу максатында өткөрүлдү.

Семинарды ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте уюштуруп, ага диний окуу борборлорунда эмгектенген 50 айым кызматкер катышты. Аларга диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча лекция окулуп, агартуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, өткөрүлгөн тема боюнча катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооптор берилип, ар түрдүү темада даярдалган 250 буклет таратылды.

Пикир

Оставить комментарий