• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги мектеп лагерлеринде 4 миңден ашуун бала эс алууда

Коом 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп лагерлеринин салтанаттуу ачылышы болду.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарада балдар үчүн концерттик программа, интеллектуалдык жана кызыктуу оюндар, спорттук мелдештер, куурчактардын жана клоундардын шоу программалары менен майрамдык программа даярдалган.

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, ошондой эле балдардын ата-энелери №39 мектеп-гимназиясынын жана №85 орто мектептин мектеп лагеринин салтанаттуу ачылышына катышты.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан 46 мектепте күндүзгү лагерлер уюштурулган. Эс алуу шаардын 38 мектебинде 4470 окуучуну тамак менен камсыздайт. Мектеп лагерлери 2022-жылдын 13-июнунан 8-июлуна чейин иштейт.

Пикир

Оставить комментарий