• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Лейлекте бир жаран “Эй, мент! Мен менттерди жаман көрөм” деген сөздөрү үчүн 260 миң сом айыпка жыгылды

Коом 0

Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек райондук соту 32 жаштагы Жаныбек (Ж.М. аты өзгөртүлгөн) аттуу жаранга карата кылмыш ишин караган.

Тергөө аныктагандай, айыпкер мас абалында 2019-жылдын 11-март күнү Исфана шаарында болжол менен 23:30 чамаларында жумуштан кайтып келе жаткан кичүү лейтенант Уланды (К.У. аты өзгөртүлгөн) көрүп, анын дарегине “Эй, мент! Мен менттерди жаман көрөм” деп кыйкырган. Бул сөз милиция кызматкеринин аброюуна шек келтирген.

Андан тышкары, ал милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, анын формасындагы погондорун жулуп алган. Аны менен айыпкер бийлик өкүлүнө карата күч колдонгон.

Айыпталуучу Жаныбек соттон күнөөсүн толугу менен моюндап, жабырлануучудан кечирим сураган. Ошондой эле Жаныбек түшүндүрүү берүүдөн баш тартып, абакка тиешеси жок жаза колдонууну өтүнгөн.

Сот Жаныбекке КР УЖКнин 355-беренеси боюнча айып тагып, ага 2 миң 600 эсеп бирдигиндеги же 260 миң сом өлчөмүндөгү айып салган.

Пикир

Оставить комментарий