• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ Күзөт кызматынын кызматкери таяк тартыш боюнча Дүйнө кубогунда коло медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкери Эржан Акылбек уулу таяк тартыш боюнча Дүйнө кубогунда коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Мелдеш 16-июндан 20-июнга чейин Өзбекстандын Хива шаарында өттү.

Эске салсак, Эржан Акылбек уулу таяк тартыш боюнча Бишкек шаарынын 90 кг салмактагылар арасында чемпион аталган. Ал эми 125 кг салмактагылар арасында коло медалдын ээси.

Пикир

Оставить комментарий