• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте “Прокурордун кеңештери” мобилдик тиркемесинин бет ачары болду

Коом 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-июнунда Башкы прокуратурада “Прокурордун кеңештери” мобилдик тиркемесинин жана аталган ведомствонун жаңыланган расмий сайтынын бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарада коомчулуктун суроо-талаптарынын эске алуу менен иштелип чыккан, жарандарга юридикалык жардам көрсөтүүгө жана прокуратура органдарына кайрылууга ыңгайлаштырылган “Прокурордун кеңештери” мобилдик тиркемеси жана расмий сайтынын жаңыланган версиясы журналисттерге тааныштырылды.

КР Башкы прокуратурасынын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Белек Калыков өз сөзүндө, прокуратуранын артыкчылыктуу багыты адам укугун коргоо экендигин жана аталган органдын кызматкерлеринин бардык иш-аракеттери жөнөкөй жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга багытталгандыгын белгиледи.

Б.Калыковдун айтымында, мобилдик тиркеме жарандардын прокуратура органдары менен өз ара байланышын бекемдеп, прокуратуранын ишинин натыйжалуулугун арттырууга шарт түзөт.

Аталган мобилдик тиркемени Башкы прокуратуранын www.prokuror.kg расмий сайтынан көчүрүп алууга болот.

“Прокурордун кеңештери” мобилдик тиркемеси Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү – 2-чи фаза» Программмасынын көмөктөшүүсү иштелип чыкты.

Пикир

Оставить комментарий