• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ: Коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн кошумча күчтөр тартылды

Кырсык 0

Бишкек, 07.08.19. /Кабар/. Учурда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында кошумча күчтөр тартылган, - деп билдирет КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук ички иштер органына болжол менен саат 19:50дө Кой-Таш айылында атышуу болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

"Жерине ыкчам-тергөө тобу кеткен. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Чүй облустук ИИБнин жана Аламүдүн райондук милициясынын жеке курамы тартылган. Алгачкы жабыркагандар тууралуу билдирүү болжол менен саат 20:35тө түшкөн", - деп билдиришти ИИМден.

Учурда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында кошумча күчтөр тартылган.

Пикир

Оставить комментарий