• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ Кундуз Жолдубаеванын телефондору эмне үчүн алынганын түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 14.08.19. /Кабар/. Кундуз Жолдубаеванын телефондору Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 244-беренеси ("Туткунга алуу") боюнча каттоого алынган сотко чейинки иштин алкагында ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан алынган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Ал окуя боюнча күбө катары КСДПнын төрагасынын орун басары Жолдубаева Кундуз Асылбековна суракка алынып, ал А. Атамбаевдин үйүндөгү болуп жаткан окуяларды уюлдук телефондоруна тартканын билдирген", - деп билдиришти министрликтен.

Министрликтен белгилешкендей, 10-август күнү Биринчи май райондук соттун токтомунун негизинде, телефондордон, сотко чейинки өндүрүш боюнча маанилүү делген маалыматтарды алуу жана аныктоо үчүн Кундуз Жолдубаеванын уюлдук телефондору алынган.

Пикир

Оставить комментарий