• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук банк эки акча алмаштыруу жайына жана эки жаранга айып салды

Коом 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы эки акча алмаштыруу жайына жана эки жаранга айып салды.

Финансылык жөнгө салуучу орган билдиригендей, КР мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 миң сом өлчөмүндө айыппул салынды.

Ошондой эле Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Т.М.А. жана Д.Б.К аттуу кыргыз жарандарына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий