• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ: Кыш мезгилинде коопсуздукту чыңдоо багытында иштерди күчөтүү зарыл

Коом 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинде министр Улан Ниязбековдун катышуусунда онлайн жыйын өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы бидирет.

Маалыматка ылайык, онлайн чогулушта министр Улан Ниязбеков былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл жол кырсыктары аз катталганы менен иш жүзүндө жарандардын коопсуздугун сактоо багытында уюштуруу иш-чаралары солгун, деп бир катар кемчиликтерди баса белгиледи.

Министр ошондой эле жол кырсыктарынын алдын алуу, түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана пропаганда-үгүттөө багытында ишти жогорулатуу тууралуу тапшырмаларды койду. Жол унаа кырсыктарын алдын алуу боюнча бизде жер-жерлерде бардыгы болуп бир жуманын ичинде 14 миң 930 жол эрежесин бузган факты катталган. Анын ичинен унааны мас абалында айдаган 189 факты аныкталды жана 150 унаа атайын айыппул салуучу жайларга киргизилген. Ал эми жыл башынан баштап 35 миң 428 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, 477 мас айдоочуну кармалган. Бардыгы 1 миң 835 унаа токтотулду. Андан тышкары ушул күнгө чейин атайын “Мен жол эрежесин билем” деген акция өткөрүлүүдө. Бирок ошого карабастан жол кырсыктарын алдын алуу боюнча бир катар иштерди аткаруу керек экендиги да эскертилди.

Чогулуштун жүрүшүндө жалпы Кыргызстандын аймагындагы кышкы аба ырайына байланыштуу жол коопсуздугун сактоо боюнча бардык иш-чараларды жогорку денгээлде өткөрүү багытында тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий