• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ мыйзамсыз миграцияга жол бербөө жана алдын алуу үчүн жарандарга кайрылуу жасады

Коом 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы мыйзамсыз миграцияга жол бербөө жана алдын алуу үчүн жарандарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз миграцияны уюштуруу тобокелчилигине же укукка каршы аракеттерге кабылган жарандар ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына кайрылышса болот: opnm10gu@mail.ru электрондук почтасына же “102” кызматына жана (0312) 26-61-65; 26-61-70 номерлерине.

Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы акыркы мезгилдерде Кыргыз жарандарынын чет өлкөлөргө мыйзамсыз жумушка орношуусу аркылуу мыйзамсыз миграция уюштурган учурлар көп катталып жаткандыгын маалымдайт.

Айрым адамдардын жана жумуш берүүчүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында Кыргызстандын жарандары эмгек акысын издеп, алданып, ар кандай чыр-чатактуу кырдаалдарга дуушар болушууда.

Аталган фактылардын алдын алуу максатында ИИМ жарандарды Кыргызстандан тышкары жумушка орношуу үчүн расмий уруксаты бар агенттиктерге кайрылууну сунуш кылат.

Ошондой эле Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы мекендештерин, чет өлкөгө иштөөгө кетүүдөн мурда Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментинин алдындагы Маалыматтык-консультациялык борборго төмөнкү даректер боюнча кайрылууга чакырат: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү №237 (Жаш Гвардия бульварын кесип өтөт) же Ош шаары, Ленин көчөсү № 221, же www.migrant.kg сайтында.

Пикир

Оставить комментарий