• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Ысык-Көлдөн шаарга марихуана менен келе жаткан жүргүнчү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Ысык-Көлдөн шаарга марихуана менен келе жаткан жүргүнчү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 24-январында болжол менен саат 02-30 чамасында Ысык-Көл райондук милициясынын өндүрүшүндөгү Кыргыз Республикасынын КЖКнин 268-беренесинин негизинде козголгон сотко чейинки кылмыш иш боюнча, Ысык-Көл РИИБ БМЖККК жана ИИМдин БМЖКККнын Ысык-Көл жана Нарын облустар боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, Балыкчы-Чолпон-Ата жолунан "Мерседес" үлгүсүндөгү автоунаасы текшерүү үчүн токтотулган. 1992-жылы туулган Б уулу Т жүргүнчүсүнө өздүк кароо жүргүзгөн учурунда кол баштыкчасынын ичинен кара куурай кендир өсүмдүгү салынган 3 литрлик банка табылып алынган.

Соттук химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган зат салмагы 1 кг 330 граммды түзгөн «марихуана» экендиги аныкталган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки ондүрүш иши уланууда.


Пикир

Оставить комментарий