• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Жыл башынан бери 99 бала жоголгон, алардын 91 табылып, дагы 8 изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 27.02.19 /Кабар/. 2019-жылдын башынан бери милиция өспүрүмдөрдүн жоголушу боюнча 99 факты каттаган. Алардын 91 табылып, дагы 8 өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Жоголгон өспүрүмдөрдүн ичинен 53 эркек бала, 43 кыз.

76 өспүрүм ата-энелери менен урушуп үйүнөн чыгып кетсе, 15 адашып кеткендиги такталган.

Дайынсыз жоголгон жана табылган өспүрүмдөрдүн 6-14 жашка чейинкилер – 45 бала, 15-18 жашка чейинкилер – 40, беш жашка чейинкилер болсо – 6 бала.

Пикир

Оставить комментарий