• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМдин бир кызматынын башчысынын орун басары кол алдындагы кызматкерге ок аткан деген маалымат иликтенүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында ИИМдин Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматынын башчысынын орун басары өзүнүн кол алдындагы кызматкерге ок атты деген маалымат тарап жатат.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Учурда ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий