• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте өзгөчө абал. Борбор калаада тартип кантип көзөмөлдөнүүдө? - видео

Коом 0


Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Куралдуу күчтөр, милиция кызматкерлери жана элдик кошуундар Бишкек шаарынын коопсуздугун кароодо. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Шаардык милиция билдиргендей, коменданттык саат учурунда шаар аймагында кайгуул жүргүзүлүп, шаардын четтеринде блок-посттор коюлган.

Эскертке кетсек, Бишкекте өзгөчө абал президенттин жарлыгы менен 12-октябрь саат 20:00дөн тартып 19-октябрь саат 08:00гө чейин экинчи ирет киргизилген. Эгерде Жогорку Кеңеш жарлыкты 3 күндүн ичинде бекитпесе, ал жарлык жокко чыгат. Шаарда коменданттык саат кечки 22:00дөн таңкы саат 05:00гө чейин деп белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий