• 88.68
  • 95
  • 0.95

Билим берүү министри Астанада илимпоздордун форумунда баяндама жасады

Коом 0

Бишкек, 18.04.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева "Кыргызстан жана Казакстандын актуалдуу маселелерин чечүүдө илимди өнүктүрүүнүн келечеги" темасындагы илимпоздор форумуна катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чара бүгүн, 18-апрелде Астана шаарында өттү.

Догдуркүл Кендирбаева өзүнүн баяндамасында билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыктын жыйынтыктарын, анын ичинде эки өлкөнүн ЖОЖдорунун биргелешкен долбоорлору, Казакстандын колдоосу менен мектептердин курулушу тууралуу айтып берди.

Ал илимий-техникалык өз-ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн, жетишилген келишимдерди ишке ашырууга көмөк көрсөтүүчү так чечимдерди кабыл алуу, глобалдык атаандаштыкка жетишүүнү камсыздоо, илимий-изилдөө жана иштеп чыгуулар үчүн инновациялык рынокту калыптандырууга аракеттери көрүлөрүн белгиледи.

Ошондой эле форумга Казакстандын илим жана жогорку билим берүүнүн вице-министрлери Динара Щеглова жана Дархан Ахмед-Заки, Казакстандын билим берүү жана жогорку билим берүү министрлигинин илим комитетинин төрагасы Галимжан Жанкуатов катышты.

Илим министрликтеринин, илимий академиялардын, ЖОЖдордун жана илимий-изилдөө институттарынын 60ка жакын кызматкерлери кызматташтыкты чыңдоо жана Кыргызстан менен Казакстандын илимий коомчулугунун идеялары жана демилгелери менен алмашуу аянтчасын түзүүнү талкуулашты.

Белгилей кетсек, форум Казакстандын илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Казакстандын Улуттук илимдер академиясы жана Л.Н.Гумилёв атындагы Евразия улуттук университети тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий