• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев: Темир жол түйүнүнүн иштөө принциптерин кайрадан карап чыгуу зарыл

Коом 0

Бишкек, 26.01.19 /Кабар/. Темир жол түйүнүнүн иштөө принциптерин түп тамырынан бери кайрадан карап чыгуу зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев темир жол транспортун өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешмеде билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» Мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канатбек Абдыкеримов 2019-2025-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Темир жол транспортун өнүктүрүү концепциясынын долбоорун сунуштады, ал өлкө Премьер-министринин тапшырмасы боюнча иштелип чыккан.

Анын айтымында, Концепциянын максаты – экономиканын, чарбалык субъекттердин жана калктын коопсуз темир жол менен ташууларга керектөөсүн натыйжалуу камсыз кылуу аркылуу өлкөдө экономикалык өсүүнү жана социалдык жетиштүүлүктү камсыздоо үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

«Сунушталган Концепциянын алкагында ишканаларды башкаруунун жаңы модели – акционерлештирүүнү түзүү пландаштырылууда. Баштапкы этабында биз жүктөрдү жөнөтүү боюнча потенциалдуу инвесторлор менен биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштап жатабыз. Биз бул темир жол тармагын өнүктүрүү үчүн кошумча каржы ресурстарын тартууга шарт түзөт деп эсептейбиз. Ошондой эле темир жол транспорту фонддорун жаңылоо жана модернизациялоону каржылоого мамлекеттик жана жеке катышуу механизмдерин киргизүү пландашырылууда. Муну менен катар ошондой эле иштин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу каралып жатат», - деп маалымдады башкы директор.

Концепциянын кыйла маанилүү милдеттеринин бири, Канатбек Абдыкеримов белгилегендей, темир жол тармагына жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу болуп саналат.

Ал өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдигине кирүүсү менен ташуунун, атап айтканда, оор жүк ташуу көлөмүнүн бир топ жогорулагандыгын билдирди. Алсак, 2016-жылдан 2018-жылга чейин темир жол транспорту аркылуу ташылган жүктүн көлөмү 6030,5 миң тоннадан (2016-ж.) 7440,1 миң тоннага чейин жеткен (2018-ж.), башкача айтканда, өсүш 1409,6 миң тоннага жетип, 123,4% түзгөн.

Ошондой эле ал кошумчалгандай, «Кыргыз темир жолу» УК» «Узбекистон темир йуллари» АК менен жүктөрдүн бардык түрүн ташууга жеңилдиктердин берилиши жөнүндө макулдашууга жетишкен.

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы сыяктуу стратегиялык объект учурдагыдай абалда калышына жол берилбеши керек. Темир жол транспорту тармагындагы абалды кескин түрдө өзгөртүү үчүн чечкиндүү чараларды кабыл алып, компаниянын кирешелүү, модернизацияланган жана өнүгүү жолуна түшүүсү зарыл. Реформалоонун бардык баскычтарын тыкыр иштеп чыгып, аны натыйжалуу ишке ашырылышына жетишүүбүз керек. Компаниянын ишинин ачыктыгын жогорулатып, инвестицияларды натыйжалуу пайдалануу үчүн бардык шарттарды камсыздоо максатында келечектеги акчалай каражаттардын агымын тыкыр талдоого алуу зарыл, - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. – Темир жол комплексинин иш алып баруусунун принциптерин түп-тамырынан бери кайрадан карап чыгуу керек».

Өкмөт башчы темир жол транспортун өнүктүрүү боюнча, биринчи кезекте, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасын акционерлештирүүгө тийиштүү чараларды тездетүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий