• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азык-түлүк коопсуздугу: Инспектор аныктаган фактысы үчүн айыппулдун 25 пайызын алат

Коом 0


Бишкек, 29.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу үчүн көзөмөл күчөтүлүп, текшерүүлөргө коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Алмаз Шаршенбеков билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында субъектилерди текшерүү боюнча мораторий алынды.

“Мораторий 2018-жылы өкмөттүн токтому менен бекиген. Эл арасында уулануу фактысынын катталышы, ишкерлер тарабынан ветеринардык-санитардык талаптардын аткарылбашы, ошондой эле жеке гигиеналык, сактоо жана ташуу эрежелердин бузулушу, ЕАЭБ жана жергиликтүү мыйзамдардын бузулушунан улам чечим кабыл алынган. Чечим 15-сентябрдан баштап күчүнө кирди”, - дейт ал.

Шаршенбеков ветеринардык-санитардык талаптарды бузгандарга 1 миңден 30 миң сомго чейин айыппул салынарын белгиледи.

“Текшерген инспекторлор бузуу фактысын аныктаса, салынган айыппулдун өлчөмүнүн 25%ын алат”, - деп айтат ал.

Инспекциясынын директору кошумчалагандай, өлкөгө импорттолгон мал үчүн карантиндик аймак түзүлдү. Мал келгенде каны анализге алынып, вакцина сайылат.

Пикир

Оставить комментарий