• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Мурас» фонду Кытайдын Тарых изилдөө институту менен кызматташат

Коом 0

Бишкек, 26.01.19 /Кабар/. Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын июнь айындагы Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапарында жетишилген макулдашуулардагы «Мурас» фондуна тиешелүү бөлүгүн жүзөгө ашыруу максатында КР Президенттик Аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов 20-январдан 26-январга чейин Кытайдын Пекин шаарында жүрөт.

Сапардын алкагында Кыяс Молдокасымов КЭР Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун директору, профессор Бу Сяньчунь менен жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлду.

Мындан тышкары, Кыяс Молдокасымов Коомдук илимдер академиясынын кызматкерлерине «Улуу Жибек жолу боюндагы Кыргыз-Кытай тарыхый байланыштары» деген темада илимий баяндама жасады.

Илимий иш сапардын максаты — байыртадан берки кыргыз-кытай мамилесин чагылдырган, ошондой эле буга чейин илим чөйрөсүнө кеңири киргизилбей келген КЭРдеги архивдик булактарды биргелешип изилдөөнү жолго коюу, анын натыйжасында табылган тарыхый маалыматтардын негизинде кыргыз элинин тарыхын жаңыча тереңдетип изилдөө жана булак таануу жаатында кызматташууну арттыруу.

Натыйжада Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын окумуштуу тарыхчыларынын жана булак таануучуларынын ортосунда тажрыйба алмашуунун күчөтүлүшү, биргелешип изилдөө табылган материалдарды которуп жарыялоого, тарыхты терең изилдөөгө салым кошоору күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий