• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Түркиянын соода палаталары союзунун төрагасы менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 26.01.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын соода палаталары жана товардык биржалары союзунун төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу менен жолугушту.

«Түркия менен болгон соода-экономикалык байланышыбыз мамлекетибиз үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири болуп эсептелинет. Кыргыз-түрк мамилелеринин бүгүнкү күндөгү абалын чын пейилден өз ара пайдалуу, ишенимдүү жана жандуу өнүгүп жаткан кызматташтык катары сыпаттаса болот», — деп белгиледи Жээнбеков.

Мамлекет башчысы бүгүнкү жолугушуу дагы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы өз ара пайдалуу соода-экономикалык байланыштарды андан ары бекемдөөдөгү жана өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя катары кабыл алынат, деп баса белгиледи.

Рифат Хисаржыклыоглу Кыргызстандагы транспорт жана логистикалык инфраструктураны модернизациялоо жаатындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө белгилеп, өлкөдө өнөр жай зоналарын куруу жана биргелешкен долбоорлор боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып кетти. Мындан тышкары энергетика тармагында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү потенциалы чоң экендигин белгиледи.

Ошондой эле ал Кыргызстан менен Түркия ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, бизнес мамилелерин кеңейтүү, өз ара инвестициялык агымдарды жана соода жүгүртүүнү жогорулатуу керектигин айтып, эки өлкөнүн ортосунда орток соода-өнөр жай палатасын түзүүнү сунуштады. Ошондой эле Кыргызстандагы ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери жөнүндө дагы өз пикирин айтып кетти.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн олуттуу экономикалык дарамети бар экендигин айтып, эки тараптуу мамилелерди бекемдөө 2018-жылдын апрель айында Түркияга болгон расмий иш сапарынын жүрүшүндөгү соода, транспорт, тоо-кен тармагы, айыл чарбасы, энергетика жана саламаттык сактоо жааттарындагы макулдашуулардын негизинде жүргүзүлөөрүн белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий