• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төө буурчактын сортторунун биринин баасы эки эсе төмөндөдү – Чодуев

Коом 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Төө буурчактын сортторунун биринин баасы эки эсе төмөндөдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында томат сортунун баасы 25 сомго чейин түшүп кеткен. Мурда ал 55-60 сом турчу.

“Бул убактылуу көрсөткүчтөр. Лопатка жана чаар сортторунун баасы 50-60 сом бойдон калды”, - деди ал.

Чодуев Таласта төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкана ачылганын, инвестор лопатка сортундагы буурчакты 50 сомдон төмөн эмес баада сатып алууга сөз бергенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий