• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 27.12.17. /Кабар/. 27-28-декабрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

27-28-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 18-23 метрге жетет. 27-декабрда күндүз жана 28-29-декабрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -1…-6° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -7…-12° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий