• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР менен Улуу Британия өкмөтү жана БУУ экстремизм жана терроризмге бирдей карайт - Ожиело

Коом 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Кыргызстан менен Улуу Британиянын өкмөтү жана Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) баңги зат жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгы экстремизм жана терроризмге бирдей карашат. Бул тууралуу БУУнун туруктуу координатору Озонниа Ожиело “Абактарды натыйжалуу башкаруу боюнча Борбор-Азия диалогу” жыйынында белгиледи.

Анын айтуусунда, ар бир өлкө үчүн 5 жылдык программа иштелип чыгат жана алардын ар бири аймакка ылайыкташтырылган.

“Радикалдашуунун алдын алуу эң негизгилердин бири болуп эсептелет. Ошол себептен системанын үлгүлөрү ыңгайлаштырылган болуусу керек. Иштин жыйынтыгында экстремизмге кабылган адамдар кийин кайра жөнөкөй жашоого кайтып келүүгө аракет кылышкан жана ошол жыйынтыктар ар түрдүү болгон, - деп билдирди ал.

Ал белгилегендей, экстремисттер менен террористтердин балдары радикалдашып кетүүсүнө чоң коркунуч бар, алар коркуу сезиминен улам укук коргоо органдарына ишенбейт.

“Коомго аралашып кеткен адам “Мен муну жасадым, мен өзгөрдүм” деп айтуусу маанилүү”, - деп билдирди Ожиело.

Пикир

Оставить комментарий