• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пакистанда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 09.11.22. /Кабар/. Пакистанда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү көрсөтүлдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги тарабынан маданий-гуманитардык жана билим берүү байланыштарын чыңдоо, ошондой эле эки тараптуу туризмди өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Лахор шаарында Пакистан өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган экинчи масштабдуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев, Лахор университетинин төрагасы Авайс Рауф, Кыргызстандан чакырылган туристтик компаниялардын өкүлдөрү жана искусство ишмерлери, ошондой эле Пакистандын маданият жана туризм секторлору, билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстанды Пакистандын коомчулугуна таанытуу максатында катышуучуларга билим берүү жана туризм мүмкүнчүлүктөрү жана КР менен кызматташуунун артыкчылыктары тууралуу презентациялар көрсөтүлдү. Мындан тышкары, кыргыз артисттери улуттук музыкалык номерлерин элге тартуулашты.

Пикир

Оставить комментарий