• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн арт-терапия боюнча вебинар өтөт

Коом 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Онлайн университетинин психологиялык кеңеш жайкы мектеби 4-июль күнү саат 15:00дө “Арт-терапия” темасында вебинар өткөрөт. Бул тууралуу вебинардын уюштуруучулардын бири Элира Турдубаева билдирди.

“Арт-терапия – бул адамдын өзүн таануунун бир жолу. Психотерапиянын бир багыты болуп эсептелген арт-терапияда адам сүрөт тартуу аркылуу өзүнүн жеке жашоосундагы көйгөйлөрүнүн чечимин табат.

Муну менен адамдын өзүн-өзү таануусуна, психологиялык жактан кемчиликтерин жеңип, артыкчылыктарын ачууга мүмкүнчүлүк алат. Ал гана эмес, жанындагыларга да кол суна алат”, - дейт вебинардын тренери психолог Айгүл Аликанова.

Вебинар катышуучулар боёк, кагаз-калемин камдап келип, сүрөт тартышып, сүрөттөрүн талкуулашат. Талкууда алар сүрөт тартып жаткандагы сезимдери менен бөлүшөт. Мунун негизинде сүрөт тартуу аркылуу көйгөйлөрүнүн чечимин табууга, өздөрүн жакындан таанууга үйрөнүшөт.

Вебинардын шилтемеси, конференциянын идентификатору: 835 8351 5525, пароль: 11111

Пикир

Оставить комментарий