• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 301 учур катталды. Жалпы 9500

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 9 миң 500 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 301 учур катталган. Ал эми 217 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 2 бейтап каза болду.

Өзбекстанда карантин 1-августка чейин узартылды. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

Өлкөдө 1-июлдан тартып карантиндик чектөөлөр күчөтүлдү. Чечимге ылайык, санитардык-дезинфекциялык иштерди жүргүзүү үчүн кийим-кече саткан ири базарлар менен соода комплекстери ишемби жана жекшемби күндөрү толук жабылат.

«Кызыл» жана «сары» карантиндик аймактардагы коомдук жайларда эртең мененки саат 07:00дөн кечки 23:00гө чейин үч кишиден көп чогулууга, 23:00дөн 07:00гө чейин көчөгө жана көп кабатуу үйлөрдүн короолоруна чыгууга тыюу салынат.

Учурда өлкөдө 9 миң 500 адам илдет жуктурса, анын 6 миң 251и айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 29 бейтап каза болду. 3 миң 220 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 16сынын абалы оор болсо, сегизинин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий