• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстандын тышкы карызы дээрлик 42 млрд долларга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. 2021-жылдын аягына карата Өзбекстандын тышкы карызы 41 млрд 600 млн долларды түздү. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы министрлигинин 9-мартта жарыяланган баяндамасында айтылат.

Мекеменин маалыматына караганда, 2021-жылы Өзбекстандын тышкы карызы 2020-жылга салыштырганда 12,7% көбөйүп, ички дүң өнүмдүн 60,1% түзгөн.

Министрликтин баяндамасында 2021-жылы өлкөнүн номиналдуу ички дүң өнүмү 734,6 трлн сумга же 69,2 млрд долларга жете турганы көрсөтүлгөн.

Өткөн жылы Өзбекстандын тышкы соодасынын көлөмү 2020-жылга салыштырганда 16% көбөйүп, 42,1 млрд долларды түзгөн. Ошол эле маалда экспорт көлөмү 10% көбөйүп, 16,6 млрд доллар болсо, импорт 20,4% көбөйүп, 25,5 млрд долларга жеткен. Мындан тышкары экономикалык активдүүлүктүн жогорулашынын натыйжасында, ошондой эле товарлардын ички жана тышкы бааларынын өзгөрүшүнөн улам 2021-жылы тышкы сооданын терс сальдосу 46,3% көбөйүп, 8,9 млрд долларды түзгөн.

Дүйнөлүк банктын божомолуна ылайык, 2022-жылы Өзбекстандын экономикасы 5,6%, 2023-жылы 5,8% өсөт деп күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий