• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эдил Байсалов БУУ ЕЭК Аткаруучу катчысынын орун басары Дмитрий Марьясин менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУ Европа Экономикалык Комиссиясынын Аткаруучу катчысынын орун басары Дмитрий Марьясин менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Дмитрий Марьясинге өлкөдө жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалар жана БУУ туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча иштер тууралуу маалымат берди.

Эдил Байсалов министрлер кабинетинин БУУ ЕЭК менен соода-экономикалык өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу энергетика, шаар куруу, аймактык транспорттук байланыш жана башка тематикалык багыттар боюнча көп кырдуу техникалык кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын ырастады.

Өз кезегинде Дмитрий Марьясин БУУ туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө багытталган министрлер кабинетинин социалдык-экономикалык реформаларын колдоого алып, БУУ ЕЭК өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде зарыл болгон техникалык жардамды көрсөтүүгө даяр экенине ишендирди.

Жолугушууда тараптар ошондой эле Эдил Байсаловдун Женева шаарында (Швейцария Конфедерациясы) өтүүчү БУУ Туруктуу өнүгүү боюнча регионалдык форумуна төрага катары катышуусуна даярдыктарды талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий