• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 29-октябрдан 2-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

29-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт. 29-октябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

30-31-октябрларда жана 1-2-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

29-октябрда түнкүсүн жаан, кар жаашы күтүлөт.

29-октябрда күндүз, 30-31-октябрларда жана 1-2-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

29-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 29-октябрда күндүз Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

30-31-октябрларда жана 1-2 ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

29-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт.

30-31-октябрларда жана 1-2 ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 29-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

29-октябрда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

30-31-октябрларда жана 1-2-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 29-октябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

29-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт.

30-31-октябрларда жана 1-2-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 29 октябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий