• 79.5
  • 84.15
  • 1.47

ИИМде БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын өкүлү менен жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-сентябрында Ички иштер министрлигинин имаратында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын өкүлү Ханс Фридрих Шоддер
менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жолугушууга БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук кеңсесинин башчысы Асел Шаршеева, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги Жеңиш Жоробеков жана Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов катышты.

Жолугушуу учурунда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдиргендей, Кыргыз Республикасы БУУнун Качкындардын статусу жөнүндө 1951-жылкы Конвенциясына жана анын 1969-жылкы Протоколуна 1996-жылы кошулган.

Качкындар маселеси коом үчүн көптөгөн суроолорду жаратат, алардын бири коопсуздукту камсыздоо. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги башка мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен бирдикте качкын деп таанылган адамдарга коопсуздукту камсыз кылуу, алардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына жардам көрсөтүү боюнча иш алып барат.

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мындан аркы кызматташууга чоң маани берет жана биздин ыйгарым укуктарыбыздын чегинде бардык жардамдарды көрсөтүүгө даярдыгын ишендирди. Тараптардын пикири боюнча жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өттү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий