• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызмат учурунда каза болгон кызматкерлери эскерилди

Коом 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызмат учурунда каза болгон кызматкерлери эскерилди.

КР Ички иштер министрлигинин буйругу менен 15-майкы зматтык милдетин аткарып курман болгон Ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүү күнү деп жарыяланган, - деп билдирет ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы.

Билдирүүгө караганда, укук коргоо органдарынын кызматы коомдогу эң бир кооптуу жоопкерчиликтүү жана ыкчамдыкты, тактыкты талап кылган кесип болуп саналат. Милиция кызматкерлери кылмыштуулукка жана терроризмге каршы күрөшүүдө ар күнү өз өмүрлөрүн тобокелге салып, кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткарып ар кандай кырдаалдарда кызмат өтөп антына бекем туруп, өз эл журтун коргоп эрдиктердиктерин көргөзүшүп келет. Ал эми ошол эрдиктер, жеңиштер айрым учурларда жоготуулар менен коштолот. Дал ушул күнү ар бир милиция кызматкери курман болгон кесиптештерин эскерет.

Бүгүн “Шумкар” атайын багыттагы полкунун командири, милициянын полковниги А.Султаналиев жана ардагерлер кеңешинин төрөгасы Исаев С.И баштаган өздүк курам курман болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрү менен жолугуп, баатыр кесиптештерин эскеришип, акчалай жардам көрсөтүшкөн.

"Биз кызмат учурунда каза болгон кесиптештерибизди эскерүү менен бирге, алардын жаркын элеси ар качан, ар бирибиздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталып калмакчы. Атайын багыттагы полкунун өздүк курамы каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүн ар дайым эскерип, ар тараптуу жардам көрсөтүп келет.

Кызмат учурунда каза болгон кызматкерлер;

1. Милициянын улук лейтенанты Туйтунов Муратбек Базарбекович, ИИМдин атайын багыттагы милиция отрядынын 1-рота командиринин орун басары, 2000-жылы 11-сентябрда Чаткал районунун Ак-Сай айылында куралдуу каракчылар менен болгон салгылашууда курман болгон.

2. Милициянын кенже сержанты Накидкин Дмитрий Викторович, ИИМдин атайын багыттагы милиция отрядынын көмөкчү ок атуу взводунун милиционер-снайпери, 2000-жылы 11-сентябрда Чаткал районунун Ак-Сай айылында куралдуу каракчылар менен болгон салгылашууда курман болгон.

3. Милициянын улук сержанты Тугельбаев Мирдин Жекшенбекович, ИИМдин кинология борборунун борборунун кинолог-милиционери, 2000-жылы 11-сентябрда Чаткал районунун Ак-Сай айылында куралдуу каракчылар менен 6 саатка созулган салгылашууда 24 жаш курагында баатырларча курман болгон.

4. Милициянын кенже сержанты Сайдинов Нурланбек Жанышович Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын атайын отрядынын взвод командири, 2004-жылдын 20-ноябрында Ош шаарында террорчулар менен болгон кармашууда курман болгон.

5. Милициянын старшинасы Сарыбаев Улан Молдобекович, ИИМдин атайын багыттагы милиция отрядынын 2-ротасынын чабуул тобунун милиционери, 2006-жылдын 12-майында Баткен облусунун Кадамжай районуна Тажикистандан кирип келген согушчандар тобун жок кылууда курман болгон.

6. Милициянын старшинасы Жумакадыров Өмүрбек Султанович, ИИМдин тез чара көрүү атайын отрядынын 1 бөлүмдүн ыйгарым укуктуу ыкчам милиционери, 2007-жылдын 19-январында Аламедин районунун Пригородное айылында уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү, өзгөчө оор кылмыштарды кылгындыгы үчүн
издөөдө жүргөн Нарматовду кармоодо курман.

7. Милициянын сержанты Жаанов Уланбек Садыкович, ИИМдин тез чара көрүү атайын отрядынын 2-бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу милиционери, 2011-жылдын 22-ноябрында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон.

8. Милициянын капитаны Исмаилов Толобек Эсенбекович, ИИМдин тез чара көрүү атайын отрядынын күжүрмөн кызмат даярдык боюнча улук инспектору, 2015-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарынын Достук кичирайонунда экстремист Итибаевди кармоо операциясында курман болгон.

9. Милициянын прапорщиги Молдожакыпов Нургазы Илимгазиевич, ИИМдин атайын багыттагы полкунун камсыздоо взводунун айдоочу-милиционери, 2014-жылдын 11-апрелинде кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон (Ош шаарындагы 3-батальонго атайын каражаттарды жеткрүү учурунда Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Чычкан капчыгайында автоунаа оодарылып кеткен).

10. Милициянын старшинасы Джоробеков Максат Эсенжанович, ИИМдин атайын багыттагы полкунун камсыздоо взводунун айдоочу-милиционери, 2014-жылдын 11-апрелинде кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон (Ош шаарындагы 3-батальонго атайын каражаттарды жеткирүү учурунда Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Чычкан капчыгайында автоунаа оодарылып кеткен).

Пикир

Оставить комментарий