• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 652 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 652 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 32 учур катталган. Ал эми 60 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго которулган.

"8-майдан баштап Өзбекстанда аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган. Бирок, бүгүн өлкөдөгү карантин 1-июнга чейин узартылгандыгы айтылды. Ал эми 18-майдан тарта коронавируска байланыштуу кабыл алынган чараларды этап-этабы менен жумшартуу башталат", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Өзбекстанда 2 миң 652 адам илдет жуктурса, анын 2 миң 136сы айыккан. Ал эми коронавирус жуктурган 11 бейтап каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий