• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстан 7-9-май күндөрү аскердик парад өткөрүүдөн баш тартты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Казакстандын бийлиги быйыл 7-майда Мекенди коргоочулардын күнүнө жана 9-майда Жеңиш күнүнө арналган аскердик параддарды өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

"2022-жылы Казакстан Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түптөлгөнүнүн 30 жылдыгы жана 1941-1945-жылдардагы Ата Мекендик согуштагы жеңиштин урматына аскердик парад уюштуруу пландалган жок", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Ошол эле маалда бул майрамдарга карата өлкөдө 50 чакты "аскердик-патриоттук иш-чара" өткөрүлөт.

Казак бийлиги 2020-жылы жана былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн эпидемиологиялык абалдан улам парад өткөргөн эмес

Өткөн жылы президенттин ошол кездеги басма сөз өкүлү Берик Уали Жеңиш күнүнө арналган салтанаттар 2022-жылы өтөрүн билдирген.

Пикир

Оставить комментарий