• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМдин өздүк курамы кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады – видео

Коом 0


Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин өздүк курамы кыргызстандыктарды 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

Куттуктоо сөзүндө айтылгандай, биздин милдетибиз кыргыз тилин илимде, техникада, философияда, саясатта да татыктуу колдонулган заманбап тилдердин катарына кошуп, аздектеп өнүктүрүп, өстүрүп келечек муунга жеткире алсак, келечек муундарыбыздын алдында жүзүбүз жарык болот.

"Сиздерди кыргыз тилинин күнү менен, эне тил майрамы менен чын дилибизден куттуктайбыз. Кыргыз тили байыркы тил катары да, эң бай тил катары да дүйнөдөгү алдыңкы тилдердин жогорку сабында экенин сыймыктануу менен айтып келебиз. Бул тарыхый чындык. Биздин ата-бабаларыбыз кыргыз тилин өнүктүрүп, дүйнөдө теңдеши жок Манас эпосун жараткан деңгээлге жеткирип бизге мурас кылган. Кымбаттуу кесиптештер, ардактуу мекендештер! Сиздерди бүгүнкү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен дагы бир ирет куттуктайбыз", - деп айтылат куттуктоо сөзүндө.

Пикир

Оставить комментарий